• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Жаңы окуу жылында Кара-Көлдө 620 орундуу мектеп пайдаланууга берилет

Билим 0

Бишкек, 16.08.24. /Кабар/. Жаңы окуу жылында Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында 620 орундуу мектеп пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, объекттин курулушу 2022-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Курулуш-монтаждоо иштери “Рамзан Компани” ЖЧКсы тарабынан аткарылууда.

Объекттин курулуш наркы 136 млн сомго бааланган. Долбоор боюнча 3-кабаттуу окуу корпус жер төлөөсү менен спорттук зал, актовый зал, ашкана, өтмө галерея, сырткы ажаткана, откана куруу каралган. Мектептин жалпы аянты 4160 чарчы метрди түзөт.

"Бүгүнкү күндө курулуш иштеринин 97 пайызы бүткөрүлүп, учурда айланасын көрктөндүрүү жумушу жүргүзүлүүдө. Окуу жылдын башталашына карата пайдаланууга берүү пландалууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий