• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Жаңы "Ош-Анжиян" каттамы ачылды

Аймак 0

Ош, 25.09.19 /Кабар/. Бүгүн, 25-сентябрь күнү Ош шаарында жаңы "Ош-Анжиян" унаа каттамы ачылды.

Эми шаар тургандары Анжиянга (Өзбекстан) Ош шаарынан түз бара алышат. Чек арада көзөмөл өткөрмө бекетин өтүүдө бул каттамдын жүргүнчүлөрүнө жеңилдик каралган.

Жол кире 100-120 сомду түзөт.

Ош шаарынан Анжиянга каттаган 777 номердеги кичи автобустар Ош унаа бекетинен ар бир 20 мүнөт сайын жүрүп турат. Ошондой эле, кичи автобустар ушул эле каттам менен Анжияндан Ошко каттап турат.

Пикир

Оставить комментарий