• 85.2
  • 93.37
  • 0.88

Жаңы Ош базарга 9 павильон курулат

Коом 0

Бишкек, 10.10.24. /Кабар/. Финансы министри Алмаз Бакетаев Бишкектин түндүгүндө жайгашкан жаңы Ош базардын курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.

"Ордо курулуш" подряддык уюмунун өкүлдөрү маалымдагандай, базарга тогуз чоң павильон куруу пландалууда. Анда ишкерлер үчүн соода орундары жабдылат. Соода аянттарынан тышкары, долбоордо социалдык инфраструктура объекттеринин: спорт залдарынын, мечиттердин жана медициналык пункттардын курулушу каралган.

Учурда 162 гектар аянтта курулуш иштери жүрүп жатат. Ошондой эле 12 гектар аянтка унаа токтотуучу жай курулат.

Курулуш иштерин 2025-жылдын октябрында аяктоо пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий