Бишкек, 02.08.22. /Кабар/. Бишкектин Рыскулов көчөсү менен Манас проспектисинин кесилишинде курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөгү жалынды өчүрүүгө 45 куткаруучу, 7 бөлүм тартылды.
ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жеринде ошондой эле суу ташуучу унаа жана Штаб иштеп жатат. "Жалын саат 21:44тө чектөөгө алынды, учурда толук өчүрүү иштери жүрүүдө", - деп айтылат билдирүүдө.
Пикир
Оставить комментарий