• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Жаңы учактардын Кыргызстанга качан келери белгилүү болду

Коом 0

Бишкек, 05.09.24. /Кабар/. Эртең, 6-сентябрда мамлекет сатып алган учактардын алгачкысы саат 10:00дө өлкөгө келип конот. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.

Анын айтымында, учак “Асман аба жолдору” авикомпаниясы тарабынан өлкө ичиндеги каттамдарга коюлат.

"Мамлекет эгемендик алган жылдар аралыгында биринчи жолу жарандарды тейлеген учак сатып алынып жатат. Жакын арада экинчи, 2025-жылдын жаз айында үчүнчү учак келип кызмат көрсөтө баштайт", - деп жазды Орунбеков.

Белгилей кетсек, буга чейин “Асман аба жолдору” мамлекеттик авиакомпаниясы 27-сентябрдан тарта бардык багыттар боюнча ички каттамдарды ишке киргизерин жарыялаган.

Пикир

Оставить комментарий