• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Жунушалиев эл аралык деңгээлдеги чемпионаттарда жеңген милиция кызматкерлерин сыйлады

Коом 0

Бишкек, 27.12.19. /Кабар/. Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев ар кандай эл аралык деңгээлдеги чемпионаттарда жеңген кызматкерлерин сыйлады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, министр ИИМдин "Шумкар" АБПнын кызматкерлерин спортто жана кызматтык ишмердүүлүгүндө жетишкен ийгиликтери үчүн кабыл алган.

"Бүгүн, 27-декабрь күнү министрликте эл аралык спорттук мелдештерде жеңгендерди жана ардактуу орундарга ээ болгондорду куттуктоо иш-чарасы болду. Биздин спортчу милиционерлер улуттук курам менен эл аралык деңгээлдеги спорттук мелдештерде катышып, алдыңкы орундарды багындырышууда", - деп айтылат министрлик тараткан маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий