• 87
  • 90.41
  • 0.84

Жаңы Ѳзбекстан жана Кыргызстандын келечектерин билимдүү жаштар жаратат – Бахтиёр Расулов

Коом 0

Учурда Самарканд шаарында Кыргызстан жана Ѳзбекстандын жогорку окуу жайларынын ректорунун II форуму ѳтүп жатат. Иш-чаранын алкагында "Кабар" агенттигинин кабарчысы Ѳзбекстандагы Анжиян мамлекеттик педагогикалык институтутун ректору, тарых илимдеринин доктору, профессор Бахтиёр Расулов менен маек курду.

— Урматтуу Бахтиёр Махмуджанович, ушул форумдун маани-маңызын кандай баалайсыз?

— Эң оболу эки коңшу мамлекеттин ректорлорунун кезектеги форуму Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Ѳзбекстанга жасаган мамлекеттик сапары алкагында ѳтүп жаткандыгы ѳзбек-кыргыз мамилелеринде чоң мааниге ээ тарыхый окуя катары баалого болот. Президенттерибиз Шавкат Мирзиёев жана Садыр Жапаровдун саясий эрки жана жүргүзүп жаткан жакшы кошуначылык саясаты, ѳз ара жылуу мамилелери мамлекеттердин ортосундагы солгундап калган карым-катышты коомдук турмуштун бардык багыттарында, ошондой эле илим, билим берүү тармагында дагы өз ара пайдалуу кызматташтыктарды жандандырды.

Ѳтүп жаткан иш-чара глобалдашуу доорунда билим берүү багытындагы курч көйгөйлөрдү талкуулоого, жогорку билимдүү адистерди даярдоодо ѳз ара тажрыйба алмашууга, илимий изилдѳѳлѳрдүн жаңы багыттары тууралуу пикир алмашууга арналган. Маселенин дагы бир орчундуу тарабы, бүгүнкү күндѳ президенттерибиздин демилгеси менен жаңы коомду куруу маселеси коюлган. Учурда ѳзбек жана кыргыз элдери чын ыклас жана кажыбас кайрат менен багыт алган Жаңы Ѳзбекстан жана Жаңы Кыргызстандын нурдуу келечегин билимдүү жаштар жаратышат. Ал эми билимдүү жаштарды тарбиялоо, калыптантыруу биздин түздѳн-түз милдетибиз болуп саналат.

— Сиз жетекчилик кылып жаткан ЖОЖ Кыргызстан менен чектеш, жергиликтүү кыргыздар жыш жасаган Анжиян облусунда жайгашкан. Ушуга байланыштуу сиздердин иш-аракеттериңизде кандай ѳзгѳчѳлүктѳр бар?

— Бүгүнкү күндө расмий маалыматтар боюнча, Ѳзбекстанда 300 миңден ашуун кыргыздар жашайт. Алардын 100 миңден кѳбүрѳѳгү Анжиян облусунда, негизинен Жалакудук, Коргон-Тѳбо, Хожаабад, Булакбашы, Мархамат, Пахтаабад райондорунда, ошондой эле Ханабад жана Карасуу шаарларында жашашат.

Анжиян облусунда жергиликтүү кыргыздардын уул-кыздары ѳз эне тили – кыргыз тилинде орто жана жогорку билим алышы үчүн зарыл шарттар түзүлгѳн. Атап айтканда, эгер Өзбекстанда кыргыз тилинде 51 жалпы билим берүүчү орто мектеп болсо, алардын эң көбү – 19 мектеп Анжиян облусунда жайгашкан. Мектептерде кыргыз жана ѳзбек тилинде сабак берилет.

Мындан сырткары, Андижан мамлекеттик педагогикалык институтунда Ѳзбекстандагы кыргыз мектептерин жогорку даражадагы кесипкѳй адистер мененкамсыздоо максатында, республикадажалгыз болгон кыргыз филологиясыадистиги боюнча бакалаврларды даярдоо бѳлүмү жана “Кыргыз тили жана адабияты” кафедрасы иштеп жатат. Кафедранын профессор-окутуучуларынын 90 пайызы илимий ишин коргоп, аталган адистик боюнча философия доктору, доцент деген наамга ээ болушкан.

Кафедранын профессор-окутуучулары мамлекеттеги кыргыз мектептердин окуучулары үчүн кыргыз тили жана кыргыз адабияты боюнча окуу китептерин даярдашып жатышат. Мисалы, алар ѳткѳн жылы 6-7-10-класстын окуучулары үчүн адабият окуу китебин, мугалимдер үчүн методикалык колдонмолорду түзүшкөн болсо, быйыл 5-класстар үчүн адабият китебин даярдашты.

Институттун алдында түзүлгөн "Чыңгыз Айтматов атындагы кыргыз тили жана маданият борбору" Ѳзбекстандагы кыргыз мектептеринде кыргыз тили жана адабиятын окутууну жакшыртуу, кыргыз филологиясынын теория жана практикасы багытында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп, Айтматовдун адабий мурасын коомчулукта жайылтуу боюнча кеңири кѳлѳмдүү иштерди жүргүзүп келет.

— Кыргызстандын ЖОЖдору, кыргызстандык кесиптештериңиздер менен болгон кызматташтыкка да токтоло кетсеңиз?

— Биздин институт тарабынан бүгүнкү күндө Кыргызстандын чек ара аймагындагы бардык жогорку окуу жайлары менен бекем байланыш түзгѳн. Тактап айтканда, Батырали Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети, Ош мамлекеттик университети, Бекмамат Османов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети, ошондой эле И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, Кыргыз мамлекеттик тил жана маданият институту жана Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын академик А.Алтмышбаев атындагы философия институту менен тыгыз байланыш түзүлгѳн.

Учурда Б.Сыдыков атындагы Кыргызстан-Өзбекстан университети менен кызматташуу жогору дэңгээлде өнүгүп жатат. Институтубуздун тарыхында биринчи жолу кыргызстандык өнөктөштөр менен биргеликте студент алмашуу жолго коюлду. Азыр өзбекстандык студенттер коңшу мамлекеттик университетте билим алып, окутуунун уникалдуу технологиялары менен таанышып, тил үйрөнүп, ошондой эле келечекте маданий чөйрөдө кызматташууга бекем негиз түзүүдө. Мындай кызматташуу сөзсүз түрдө оң натыйжа берет, анткени аймактык жакындык жана тил багытында тоскоолдуктардын жоктугу студенттер жана мугалимдер үчүн кошумча ыңгайлуулукту жаратат.

— Ѳткѳн жылы эки мамлекеттин ЖОЖдорунун ректорлорунун биринчи форуму болгон эле. Ошондон бери кандай иш-чаралар ѳттү, кандай тажрыйбага ээ болдуңуздар?

— Калкыбызда "миң уккандан, бир көргөн артык" деген жакшы сѳз бар. Ректорлордун биринчи форумунда бардык маселелерди ортого таштап, ийри отуруп, түз кеңешип дегендей, ѳз ара алакаларыбызды практикалык нукка бурууга жетиштик. Айта кетсек, 2023-жылы Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин ректору жетектеген делегациянын Анжиянга сапары алкагында эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары бекемдөө боюнча меморандумга кол коюлду. Ректор Чаткалбай Райымбаевге Анжиян мамлекеттик педагогикалык институтунун ардактуу профессору наамы ыйгарылды.

2023-2024-окуу жылында жогоруда аталган университеттер менен бир катар өз ара натыйжалуу иш-чаралар өткөрүлдү. Маселен, кыргызстандык студенттер Анжиянга, биздин студенттер Ошко барып, жалаң окуу процессинен сырткары, маданий, спорт багыттарындагы кызматташтыгы, тажрыйба алмашуу даражасы кыйла кеңейди жана деңгээли кѳтѳрүлдү.

Башталгыч мектептерде Финландия, Сингапур усулдарын колдонуу, бакалавриат баскычында Болонья жогорку билим берүү системасын колдонуу боюнча иреттүүлүк ѳз ара тажрыйба алмашуу жолго коюлду. Кыргызстандын ЖОЖдору менен ѳндүрүш ишканалары жана жергиликтүү бийлик менен тыгыз байланыш системасын биз да практикада колдоно баштадык.

— Ѳтүп жаткан форумдун жыйынтыктарына ылайык, быйылкы окуу жылында кандай иш-чаралар пландалууда?

— Бул багытта 2024-2025-окуу жылында ишке ашырыла турган бир катар пландарды илгери сүрүлүүдѳ. Тактап айтканда, жаңы окуу жылынан баштап мектепке чейинки жана башталгыч билим берүү мекемелеринде кыргыз тили боюнча бакалаврларды даярдоо маселеси коюлган. Анткени Ѳзбекстанда кыргыз тилдүү орто мектептердин саны жылдан-жылга азайып баратканы байкалууда. Мунун негизги себептеринин бири – башталгыч класстардын мугалимдеринин жетишсиздиги, иштеп жаткан мугалимдердин пенсия курагына жеткендиги деп айтылууда.

Ал эми Анжиян мамлекеттик педагогикалык институтунун илимий потенциалы, адистердин жана жалпы педагогикалык жамааттын жардамы менен мектепке чейинки жана башталгыч билим берүү тармагында кыргыз тили боюнча бакалаврларды даярдоо мүмкүнчүлүгү бар. Бул учурдагы көйгөйлүү маселелерди чечүүгѳ ѳбѳлгѳ болот жана эки боордош элдин илим-билим багытындагы байланыштарын чыңдоодо чоң мааниге ээ болоору шексиз.

Ал эми бул форумда каралган маселелер жана алардын жыйынтыктары кыргыз-ѳзбек мамилелерин, ошондой эле Анжиян мамлекеттик педагогикалык институтунун эл аралык байланыштарын чыңдоого, маданият тармагындагы алакаларды жаңы деңгээлге көтөрүүгө олуттуу ѳбѳлгѳ болот.

— Ѳтѳ мазмундуу жана кызыктуу маегиңиз үчүн чоң ракмат, аман болуңуз!

Пикир

Оставить комментарий