• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Жаңы жылды жылдыздарыбыз кантип тосушат?

Дүр дүйнө 0

Бишкек, 26.12.17 /Айсулуу Кабылбекова - Кабар/. Жаңы жылга саналуу гана күндөр калды. Бул майрамды тосууга байланыштуу пландарды түзүп жатасызбы? А биздин белгилүү адамдарыбыз бул ажайып майрамды каерде, ким менен тосот? Же такыр майрамдабайбы? Бул тууралуу төмөндө бирге окуйлу.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева жаңы жылды ар дайым үй-бүлө менен бирге тосуу керек деп эсептейт. Ырчы айым быйыл да салтты бузбай бул ажайып майрамды жакын адамдарынын курчоосунда өткөрмөкчү.

Айчүрөк айым ит жылына байланыштуу ырымдарга көп маани бербейт, бирок салтка айланган “жаңы жылды кандай тоссоң, аны ошондой өткөрөсүң” деген сөзгө ишенет. Ошондуктан дасторконго колдон келген кооздукту коюга умтулат. Ал эми кийимге келсек, ырчы айымыбыз бир гана өзүнө жарашкан көйнөктөрдү саркеч деп тааныйт. Андыктан жаңы жыл түнү ар бир айым маанайына жараша кийинүүгө укуктуу,- дейт ырчы айым.

Эстрадабыздын жаш жылдыздарынын бири Айдана Дека жаңы жылды ар дайым үй-бүлөсү менен тосот. Ырчы айымыбыз дүйнөлүк трендке олуттуу мамиле жасап, ит жылын кандай тосуу керектиги тууралуу интернеттен маалыматтарды окуп даярданып жаткан учуру. Мисалы, ит- тамак жегенди абдан жакшы көргөндүктөн, дасторкондо көп тамак болуш керек экен. Жана анын басымдуу бөлүгү эттен жасалып, келе жаткан жылдын түстөрүндөй сары же күрөң түстө болуусу абзел.

Ал эми жаңы жылга үйдү жасалгалоо Айдана айымдын жана бөбөгүнүн мойнуна жүктөлгөн. Каарманыбыздын үй-бүлөсүндө үйдү жасалгалап, тамак даярдалып бүткөндөн кийин жаңы жыл мына келип калганда бир өзгөчө ырым жасалат экен. Сааттын жебеси 12:00 болуп салюттар атылып, куранттар кагылып жатканда, ошол убакыттын ичинде кичине кагазга каалооңду жазып, аны өрттөп калдыгын суусундукка салып ичип жиберүү керек. Мына ошондо тилегиң сөзсүз орундалат деген ишеним бар экен.

Айдана айым келе жаткан жылда чыгармачылыгына басым жасаарын айтып, жалпы элге тынчтык, бакубат жашоо каалап кетти.

Айдана Декадан айырмаланып алып баруучу Нурсултан Майназаровдун үй-бүлөсү жаңы жыл эмес, туулган күндөрдү да белгилебейт экен. Нурсултан мырза үчүн жаңы жыл жөнөкөй гана күн катары кабыл алынып, эч кандай даярдык көрүлбө й турганын айтты.

Дагы бир алып баруучу жигитибиз Санжар Мыкыев жаңы жылдык кечелерди алып барып иштейт экен. Белгилей кетсек, ал барган жерине сөзсүз үй-бүлөсүн ала барат. Быйыл жаңы жылдык кече тоодо болоору пландалып, үй-бүлөсү менен ошол жакка барууга камынып жаткан кези.

Жаңы жанып келе жаткан жылдызыбыз Айым Айылчиеванын үй-бүлөсү жаңы жылды тосууга салт боюнча чоң атасынын үйүнө барышат. Айымдын айтымында, быйыл дасторкондо бир гана үйдүн тамагы туруусу абзел, анткени ит тез татымды жакшы көрбөйт. Келе жаткан жыл сары иттин жылы болгондуктан сары же ага жакын түстөгү кийим кийүү туура болорун белгиледи.

Айым мурунку жылдардан айырмаланып, быйыл жаңы жылды башка жерде же башка өлкөдө да тосуп калышы мүмкүн экенин кошумчалап кетти.

Айпери Кубик кызы да үй-бүлөлүк майрамды жакындары менен бирге тосууну туура көрөт. Анын айтымында, дасторкон эл катары, ырым-жырымсыз эле жайылат. Бирок атасы жакшы көргөн күрптүн шорпосу менен беш бармагы сөзсүз болот экен. Айпери айым жаңы жыл түнү майрамдык кийимин кийип, эл катары майрамдаарын айтып, жалпы элге түшүмдүү жыл каалап кетти.

Пикир

Оставить комментарий