Бишкек, 02.01.25. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев соцтармактагы баракчасындагы кайрылуусунда салют аттыруу, майрамдык кечелер тууралуу пикирин билдирди.
Анын пикирине караганда, салютка, майрамдык кечелерге кеткен каражатка муктаж адамдарга үй алып берсе болот.
“Жаңы жыл боюнча бир-эки жеке оюм бар. Жаңы жылда салюттарды атып жатабыз. Ушуну токтотушубуз керек. Жок дегенде, мамлекеттик мекемелер токтотуу керек. Корпоративдик кечени өткөрүүнү УКМКда тыюу салгам. Калган баары өткөрүп жатат. Мамлекеттик органдар тарабынан миңге жакын кече уюштурулат экен. Бир кечеге эң аз дегенде 10 миң доллардан акча кетсе, демек, баарына 10 миллион доллар акча кетет. Буга 200 муктаж адамга батир сатып алууга болот. Эсиңерге келгиле, жаңы жылдык кече дегенди токтоткула. Дагы бир жолу айтып кетейин, кескин түрдө ушул жылдан тарта токтотушубуз керек”,-деди ал.
Пикир
Оставить комментарий