• 87
  • 90.41
  • 0.84

Жаңылануу мезгилин баштан өткөрүп жаткан социалдык объектилер

Аналитика 0

Кыргызстан союздан бөлүнүп, эгемендик алгандан тарта өлкөгө өтө көп өзгөрүүлөр орун алды. Эгемендиктин алгачкы жылдарында жаңыдан там-туң басып келе жаткан баладай өнүгүүгө ар тараптуу аракетин кылып көрдү. Бийлик башындагыларды ар тараптан чыгып азгыргандардын жетегинде Кыргызстан алдыга эмес, артка кеткени маалым. Бүгүнкү күнү өлкөдөгү социалдык объектилердин көпчүлүгү союз мезгилинен калып, эскилиги жетип бүткөн. Урап түшүү алдында турганына карабай, актап-сырдап, улам ар жерин жамап отуруп колдонуп келдик. Жылдар өттү, мезгил алмашты, жаңы бийлик орноду. Аны менен мамлекетке жаңы жашоо келгендей эле болду. Эскилиги жетип, шыбынан жаан өтүп, ичине кирсең ным менен сыз жыттанып араң турган имараттар четинен жаңылана баштады. Бул эмненин белгиси? Кыргызстан өнүгүүгө кадам коюп, экономикалык жактан жогорку тепкичке көтөрүлгөнүн айгинелейт. Жалпы республика боюнча курулуш иштеринин жанданып жатканы экономиканын өсүшүнүн белгиси.

Акыркы жылдары массалык түрдө салынып, оңдолуп жаткан өлкөнүн бардык аймактарындагы социалдык объектилер тууралуу учкай кеп.

Садыр Жапаров бийликке келгенде курулушу аягына чыкпай, токтоп жана авариялык абалда турган соцобъекттердин курулуштарын аягына чыгарууга, реформаларды кылууга тапшырма берип, ал үчүн мамлекеттин бюджетинен мурдагы жылдарга караганда алда канча көп каражат бөлүүнү тапшырган. Президент өз сөзүндө, «Балдарыбыздын билим сапатын жакшыртуу үчүн билим уяларынын көйгөйүн чечүүгө ыкчам киришип, мектеп имараттарынын курулушун масштабдуу түрдө баштайбыз. Билим уяларын жаңыртабыз. Акчабыздын көпчүлүк бөлүгүн мектептер менен мугалимдерге жумшайбыз» деп айтканы бар.

Муну уккандар, алгач, баары эле талкаланып калган, ушунча көп объектини кантип оңдоп салмак, мүмкүн эмес деп баш чайкагандар да болгон. Садыр Жапаров бир мамлекет, 7 млн элдин тагдырына жоопкерчилик алып, президенттике расмий түрдө киришкен убакыттан туура 2 жыл өтпөй, 2020-жылдан 2022-жыл аралыгында 250гө чукул объектиге «жаңы өмүр» тартууланды. Быйылкы жылдын 9 айында эле 90 мектеп, 25 бала бакча курулуп ишке берилди. Кезинде жүздөгөн мектеп салуу түшкө кирбеген нерсе болчу. Жылына 5-6 мектеп салынса ал чоң жетишкендик эле. Азыр мектеп, бала-бакча, ооруканалардын салынганы көнүмүш адатка айланды.

Казына курулдап, социалдык объект салган мындай турсун, элдин курсагын жакшы тойгуза албаган бюджетибизде таңсыктык бар эле. Садыр Жапаровдун командасынын талапты так коюп, ишти туура жүргүзгөн кыраакы саясатынан улам бюджет дефицити жоюлуп, мамлекетти жаңыдан куруу доору башталды.

Социалдык объектилердин массалык түрдө курулушу жылдан-жылга күчөп баратканы факт. Мисалы 2024-жылга соцобъектилердин курулушуна бюджеттен 10 млрд сом каржылоо пландалган. Мамкурулуш агенттигинин маалыматына ылайык, 2024-жылдын 1-октябрына карата республика боюнча 122 объект бүткөрүлдү. Алардын ичинен жаңы курулганы - 79 объект, капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөнү –34, таза суу объекттери – 9. Анын ичинен Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнүн 100-жылдыгына карата 43 объект пайдаланууга тапшырылды. Жыл аягына чейин болжолдуу түрдө дагы 70 соцобъекттин курулушун бүткөрүү мерчемделип, учурда курулуш иштери кызуу жүрүүдө.

Ал эми саламаттык сактоо объектилерин куруу жана капиталдык оңдоп-түзөө иштерине быйыл, 2024-жылы республикалык бюджеттен «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча курулушка муктаж болгон саламаттык сактоо мекемелеринин 16 объектиси киргизилген. Каржылоонун көлөмү 171 416,1 миң сомду түзүп, бүгүнкү күнү 167 171,4 миң сом каржыланган. Чүй облусунда 3 объект, Баткен облусунда – 2, Жалал-Абадда – 6, Нарын облусунда 1, Ошто 2, Талас жана Ысык-Көл облустарында 1ден объект.

Ал эми капиталдык оңдоп-түзөө иштерине муктаж болгон мекемелеринин 10 объектиси киргизилип, казынадан 62 258,2 миң сомду түзүп, бүгүнкү күндө 62 258,2 миң сом каржыланган.

Өлкөдөгү орун алган соцобъекттердин массалык түрдө курулушу тууралуу Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген архитектору Ишенбай Кадырбеков төмөнкүдөй пикирин билдирди.

«Өлкөдөгү массалык курулуштарды баарыбыз эле көрүп турабыз. Унутта калган аэропортторду, жолдорду, мамлекеттик имараттарды айтпай эле коеюн, бардык жерде курулуш болуп атканына күбөбүз. Кыргызстан өз алдынча мамлекеттүүлүк алган 33 жылга саресеп сала турган болсок, акыркы 3 жылда жасалган иштер мурдагы президенттер башкарган 30 жылда жасалган иштерден ашып кетип атат»,-деди ал.

Бул жерде баса белгилеп кетүүчү бир жагдай, эзели эч кимдин иши болбогон, ал тургай буга чейин 5 президенттин бири басып барбаган мектеп, оорукана, бакча, жол, электр жарыгы, мобилдик байланыш дегенден кабары жок, алыскы Баткендин Зардалы айылына Садыр Жапаров өзү барып, элден кабар алып, ал-жайын сураганында. Аталган жерде цивилизация мындай турсун, мектеп, жол, электр жарыгы деген нерсе жок экен. Айыл эли өздөрү эптеп ачып алган чакан имаратта 1 мугалим балдарды окутуп келгени маалым. Өлкө башчы ал жерге чакан ГЭС, жол куруп, мобилдик байланыш станцияны орнотуп берүү тапшырмасын коюп келди эле. Тиешелүү жетекчилер иштин алгачкы процесстерин баштоого киришти.

Транспорт министри Абсаттар Сыргабаев Зардалыга барчу жолдун курулушу 15-октябрда башталарын айтты. Министрдин билдирүүсүнө ылайык, "Азыр уюштуруу иштери жүрүп жатат. Болжол менен октябрдын 15теринде курулуш иштерин баштайбыз. Жол салуу иштерин кийинки жылдын ноябрь айында бүтүрүү пландалууда. Биздин эсеп боюнча, болжол менен 500 млн сом кетет", - деди ал "Кабар" агенттигине берген маегинде.

Жогоруда айтылгандар жасалып жаткан иштердин бир гана бөлүгү. Садыр Жапаров президенттике келгенде, элге берген убадаларынын сап башында элди үй менен камсыз кылуу убадасы болгон. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын аймактарында 20 714 батирдин курулушу кызуу жүрүүдө. Илең салаң иштеп, ансыз да бөксөрүп турган бюджеттен алгылыктуу акча бөлүнбөй Мамлекеттик ипотекалык компания ачылган күндөн тарта болгону 9300 үй-бүлөнү гана үй менен камсыз кыла алган.

2024-жылдын январь айында президент Садыр Жапаров жарандарды жеткиликтүү турак-жай менен камсыз кылууга багытталган жарлыкка кол койгон. Мындан улам үй алуу үчүн кезекке тургандардын саны арбыды. Учурда 32 миң жаран үй алам деп кезекте турат. Мамлекеттик ипотекалык компанияда 2024-2030-жылдар аралыгында 40миңден ашуун үй-бүлөнү турак-жайлуу кылууга бел байлап турат. Курулуш иштерин жеке компаниялар эмес, мамлекет өзү толук мойнуна алды. Себеби жеке курулуш компанияларынын негизги максаты киреше табуу, ал эми мамлекет киреше алууну максат кылбайт. Негизги максат – өлкө жарандарын арзан жана сапаттуу турак жай менен камсыз кылуу.

“Арзан турак-жай – 2015-2020” программасынын алкагында жарандар 5 миң 430 насыя, “Менин үйүм – 2021-2026” программасынын алкагында 4 миң 191 турак жай алышкан.

Мурда бир жылда 1,5 млн сом бөлүнүп, ашып кетсе 1300 адам үйлүү болчу. Анын үстүнө пайызы да көп эле. Мисалы, Мамлекеттик ипотекалык компания жаңы ипотека берип баштаганда пайыздык чен 14% болчу. Албетте бул пайыз карапайым калктын капчыгына оор келчү. 2021-жылы президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жаңы «Менин үйү 2021-2026» турак жай программасы ишке кирип пайыздык чен 4%га чейин түшүрүлгөн.

Азыр батирлер 25 жылга 4-8 пайыз менен берилет.

Учурда жалпы республика боюнча 20 714 батирдин курулушу кызуу жүрүүдө. Кийинки этапта дагы 20 миңдей батирдин курулушу башталат. Ошентип 2030-жылга чейин өлкөдө 40 миңден ашуун үй-бүлө жеңилдетилген шартта мамлекеттин турак жай программасы аркылуу батирлүү болушат.

Диана Айдарова, Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги

Пикир

Оставить комментарий