• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Жаңырган жылда өзгөчө экологияга көңүл бурсак - депутат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 04.01.18 /Кабар/. Бүгүн, 2018-жылдын 4-январында Жогорку Кеңештин жыйынындагы “Ар кыл маселелер” саатында абанын булганышын болтурбоо жаатында сунуштар ортого салынды. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Депутат Дастан Бекешев жаңырган 2018-жылы өзгөчө экологияга көңүл буруу чакырыгы менен чыкты. Анын айтымында, бүгүнкү күндө Бишкектин абасынын тазалыгына Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги же Экологиялык-техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция – кайсы мекеме жооптуу экени түшүнүксүз. “Бишкектин экологиясына өзгөчө басым жасап, борбор калаабызды жашыл шаарга айланталы”,- дейт Д.Бекешев.

“Бишкек жылуулук электр борборунан (ЖЭБ) чыккан түтүндүн нормасын текшерип коюуну сунуш кылган депутат Бакирдин Субанбеков Кара-Балта шаарындагы “Жунда” мунайды кайра иштетүүчү заводдон чыккан жыт боюнча жергиликтүү элдин нааразычылыгын дагы айтты.

Коомчулукта экология маселеси абдан талкууланып жатканына депутат Аалы Карашев токтолду. Эл өкүлү Бишкек ЖЭБинде болгон модернизацияны элге көрсөтүп, толук маалымат берүүнү КР Өкмөтүнө табыштады. Мындан сырткары, А.Карашев абанын булганышына себепчи болгон авто унаалардын көбөйгөндүгү боюнча авто унааларды газга өткөрүү менен абага зыяндуу заттар азыраак чыгарын билдирип, Өкмөткө ушул маселени иликтеп чыгууну сунуш кылды.

Пикир

Оставить комментарий