• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Кыргызстан-Катар кызматташуусу өнүктүрүлөт

Саясат 0

Бишкек, 04.01.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги элчиси Нуран Ниязалиев Катар Мамлекетинин Парламентинин Тѳрагасы менен жолукту. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, жолугушуу учурунда элчи Нуран Ниязалиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасы Дастанбек Джумабеков Катар Мамлекетинин Мажилис аш-Шурасынын (парламентинин) жаңы шайланган Тѳрагасы Ахмед бин Абдулла бин Заид Аль-Махмуд мырзага жолдогон куттуктоо катын тапшырды.

Тѳрага Дастанбек Джумабеков биргелешкен аракеттер аркылуу парламенттер аралык кызматташууну ѳнүктүрүп, эки ѳлкѳнүн ортосундагы достук мамилелеринин бекемделишине чоң салым кошоорун ѳз катында билдирген.

Мындан тышкары, жолугушуу учурунда кыргыз-катарлык ар тараптуу кызматташуусуна байланышкан ар кыл маселелер талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий