• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

КР ТИМ башчысы Түркмөнстандын элчисинин ишеним грамотасынын көчүрмөсүн кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 26.09.23. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркмөнстандын Кыргызстандагы жаңы дайындалган элчиси Нуры Голлиевди ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшыруу үчүн кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, министр Кулубаев Түркмөнстандын элчисин Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, Кыргыз Республикасы менен Түркмөнстандын ортосундагы дипломатиялык мамилелерди өнүктүрүүдө ийгиликтерди каалап өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө КР ТИМ башчысы түркмөн дипломаты менен эки тараптуу кызматташуунун күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулап, саясий диалогду чыңдоонун жана соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушуунун соңунда тараптар өлкөлөр ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө боюнча мындан ары биргеликте иш жүргүзүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий