Ала-Букада жарандар мыйзамсыз алтын казууга аракет кылган

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.01.23. /Кабар/. Ала-Букада жарандар мыйзамсыз алтын казууга аракет кылган. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ала-Бука райондук милициясына кен казуучу фирманын А.Т. аттуу өкүлү арыз менен кайрылып, ал 20-январга караган түнү ишкананын аймагына мыйзамсыз кирген жарандарга карата чара көрүүнү суранган.

Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 37-беренесинин (Кылмыш жасоого аракеттенүү) жана 205-беренесинин (Уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишинин алкагында Чаткал районунун 44 жаштагы О.Р., 32 жаштагы К.Т., Т.Э., 31 жаштагы К.С., 26 жаштагы С.Г. аттуу тургандары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Ала-Бука райондук сотунда шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы каралып, бардыгы үй камагына чыгарылган.

Азыркы учурда кылмыш ишинин алкагында шектүүлөрдүн башка шериктери бар же жок экендигин тактоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий