• 87
  • 90.41
  • 0.84

Жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. ӨКМ чукул билдирүү таратты

Коом 0

Бишкек, 02.05.22./Кабар/. 2022-жылдын 4-6-май күндөрү Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу КР ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, 4-майда күндүз жана 5-майда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо мөндүр жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы бир аз төмөндөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Пикир

Оставить комментарий