• 87
  • 90.41
  • 0.84

Жабдуулардын эскилигинен улам энергетика тармагы дефолт коркунучуна кептелиши мүмкүн - Кожогулов

Коом 0

Бишкек, 07.06.21. /Кабар/. Күз-кыш мезгилде электр энергиясын керектөө 2 эсе көтөрүлөт. Бул тууралуу "Кыргызстандын энергетикасы. Тарыхы. Учуру. Келечеги” аттуу тегерек столдо энергетика министринин орун басары Нурдин Кожогулов билдирди.

Ал бардык энергетикалык резерв кыш мезгилинде керектелерин кошумчалады.

Кожогулов Кыргызстанда генерациянын жалпы көлөмү 15 млрд 350 млн кВт/саатты түзөрүн, ал эми карыз 129 млрд сомдон ашык экенин белгиледи.

“Төлөөнүн жогорку чеги 2025-жылга туура келет жана сумма дээрлик 15 млрд сомго жетиши мүмкүн. Муну менен катар жабдуулардын эскилиги 70%ды түзөт. Бул көрсөткүч коркунучтуу жана энергетика тармагын дефолтко алып келет”,-деди ал.

Энергетика министринин орун басары Кыргызстанда электр энергиясынын баасы эң төмөн экенине көңүл бурду.

“Тармактын кирешеси чыгымдарды араң жабат. Тарифти акыркы өзгөртүүдөн бери 7 жыл өттү. Бардыгынын баасы өзгөрүлүүдө. Инфляциянын өсүшүнөн улам энергетика тармагы жылына 5-6% кирешесин жоготот. Мурда маалымдалгандай, бул тармактагы карыз 129 млрд сомду түзөт, ал эми киреше аз. Энергетика компаниялары чыгымдарды оптималдаштырууга аргасыз. Оңдоо иштеринин кыскаруулары жүрүп жатат, бул аварияларга жана өчүрүүлөргө алып келет”,-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий