• 87.45
  • 90.16
  • 0.85

Жагдайдын курмандыгы. Социнтерндин саясаты жаш активистти темир торго түрттү

Аналитика 0


Социал-демократтар партиясынын тегерегендеги ызы-чуунун токтошу кыйын болду окшойт. Эске салсак социал-демократтар 17-ноябрда Бишкектеги шаардык кеңештин депутаттыгына өткөн шайлоого ат салышмак. Бирок 13-ноябрда Социал-демократтар партиясынын мүчөсү Ирина Карамушкина менен талапкер Данияр Чолпонбаев жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо добуштарды сатып алуу фактысын талкуулаган аудиожазуунун негизинде добуш сатып алууга шектелип, мыйзам чегинде кылмыш иши козголгон. Бул иштин алкагында сурактан кийин партиянын мүчөлөрү Темирлан Султанбеков, Ирина Карамушкина жана Роза Түрксевер добуштарды сатып алууга шектелип кармалган. Соттун чечими менен алар эки айга убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Мындай мисалдар Кыргызстандын эгемендүүлүк жылдарында көп эле катталган. Кайсыл бир партия добуш сатып алууга шектелип, шайлоодон четтетилсе эле бийлик саясий куугунтук жасады деп догурунуп чыккан учурлар да көп болгон. Кыязы, Темирлан Султанбеков дагы ушул жолду тандап, нааразылыгын айтып, бул ишке эл аралык Социнтерн деген уюмду кийлигиштирди.

Учурдагы бийлик таза шайлоо өткөрүүгө, жергиликтүү кеңештерге таза иштеген инсандардын келишине басым жасап, тандоо процессине кийлигишпей турганын билдирген. Президент Садыр Жапаров шайлоонун ачык-айкын жана таза өтүүсүн көзөмөлгө алган.

“Азыр дүйнө ыкчам өзгөрүп жаткан маалда, өнүгүү үчүн ар бир күнүбүз, керек болсо ар бир саатыбыз маанилүү! Мына ошондуктан, эл үчүн, өлкө үчүн күйө турган, чындап иштей турган, калың элдин элегинен өткөн эр-азаматтарды тандаңыздар. Айрыкча, жүрөгүндө мекенимди өнүктүрөм деген жалындуу, алысты көрө билген тажрыйбалуу жаштарды колдоңуздар!

Мен ушул жерден баса белгилеп айтып коеюн, шайлоо өнөктүгүнө бийлик кийлигишпейт. Бийлик шайлоого да, башкасына да кийлигишкен мезгил, кайсы бир талапкерди сүрмөлөп, кайсы бирин өгөйлөгөн заман артта калды.

Кимде - ким шайлоого киришип, кайсы бир талапкерди сүрөмөлөгөн мамлекеттик кызматкер аныкталып калса, анда катуу жазага тартылат”,- деген Садыр Жапаров 16-октябрда боло турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого байланыштуу кайрылуусунда.

Социал-демократтар эмне үчүн добуш сатып алууга барганын оңой эле түшүнсө болот. Бүгүн өлкөдө болуп көрбөгөндөй мыкты иштер жасалып жатса, жөнөкөй эл партияларга, шайлоо деген акцияларга көп көңүл бурбай калган. Бийлик элдин жашоо-шарттын оңдоого бардык аракетин жумшоодо. Айлык акы, пенсия, жөлөк пул көтөрүлүп, өлкөнүн экономикасы өсүп жатканын баары көрүп турат. Социал-демократтар элдин колдоосуна ээ болбой калганын сезип, эски ыкмага салып аларды акча менен сатып алууну көздөгөн.

Эске салсак, Европарламенттин айрым депутаттары Кыргызстандагы кырдаалды Социалисттик Интернационалдын демилгеси менен талкуулап жатып, эгемендүү мамлекеттердин ишине кийлигишүүгө канчалык компетенттүү деген жүйөөлү суроону коюшкан. Бул суроону Франциянын өкүлү Тьерри Мариани берген.

«Азыр Кыргызстан европалык неоколониализмдин бутасына айланды. Парламент улуттардын эгемендигинин негизги принцибине дагы бир жолу кол салууда. Бул талаш-тартышта Евробиримдик курмандык катары добуштарды сатып алган деген айып менен өз өлкөсүнүн сот системасы тарабынан куугунтукталган партияны тандап алды. Брюсселдеги «Катаргейт» болобу же Кыргызстандагы окуялар болобу, социалисттер коррупциялык чыр-чатактар ​​менен көп кездешет. Ачыгын айтканда, биздин талкууларыбыз элдердин ортосундагы өз ара урматтоонун жана кызматташтыктын эрежесине туура келеби? Страсбургда биздин Кыргызстандын демократиялык мамлекетинин ички чечимдерин айтууга, жада калса комментарий берүүгө укугубуз барбы? Албетте, жок экенине мен бекем ишенем. Мамлекеттердин жана элдердин суверенитетин урматтоо башка принциптерден жогору турушу керек. Башка өлкөлөрдүн ички иштерине саясий кийлигишпөө принциптерин такай бузуп, биз демократиянын жана адам укуктарынын коргоочусу болуп чыга албайбыз. Европа Биримдиги барган сайын өзү кача турган нерсеге - интервенциячыл жана неоколониялык державага айланып баратат», - деди Тьерри Мариани Европарламенттин жыйынында.

Тарыхчы, коомдук жана саясий ишмер Зайнидин Курманов “Кабар” маалымат агенттигине берген комментарийинде Социал-демократтар партиясынын деңгээли абдан төмөндөп кеткенин белгиледи. «Социал-демократтар ашынган солчул. Мен аларды анархисттердин мас болгон тобуна салыштырам. Ошондуктан, жыйынтыгы ушундай кесепеттер менен аяктады. Жөнөкөй бир мисал- 600 долларлык кычкачтар. Эми Испанияда отуруп алып, аларды бирөө кордоп аткандай бир нерселерди айтып отурушат. Ал эми Социалисттик Интернационал жеткен акмакчылыкты көрсөтүүдө. Алар “ак менен каранын” айырмасын билбейт. Өз өлкөлөрүндө демократиянын өнүгүшү үчүн чындап эле көп иштерди жасаган чыныгы социал-демократтар менен ири коррупцияны жараткан биздин “жасалма” социал-демократтарды айырмалай алышпайт. Биздин демократтар, “кой терисин жамынган карышкырга” окшоп, өлкөдө коррупцияны гүлдөтүп, жарандык коомго коркунуч келтирип, ошол кездеги оппозициянын баарын түрмөгө камашкан. Бул окуялар Темирлан Султанбековду жагдайдын барымтасына айлантты. Ал жарыялаган ачкачылык акциясы жана Социалисттик Интернационал аркылуу уюштурулган эл аралык кысым тышкы өнөктөштөргө Кыргызстандын мыйзамдарын урматтоону каалабагандыгы жана саясий маданиятсыздыгы төмөн экенин ачык көрсөттү», - дейт Зайнидин Курманов.

Саясат таануучу Бакыт Бакетаев шайлоо өнөктүгүн чет өлкөдөн каржылоо, чет элдик демөөрчүлөрдүн акчасына шайлоочуларды сатып алуу тышкы кийлигишүү гана эмес, мамлекеттин эгемендигине кол салуу катары бааланышы мүмкүн экенине басым жасайт.

«Албетте, бул менен күрөшүү керек, бирок Социалисттик Интернационалдын Кыргызстандагы шайлоо жарышына кийлигишүүсү, өзгөчө каржы маселеси боюнча киришкени, бул чектен чыккандык. Чет өлкөдөн келгендер кабатыр болбошу керек. Себеби, биздин өлкөдө ушундай социализм, демократия орногонуна ич күйдүүлүк кылбаш керек. Албетте, элибиз дагы ар кандай чет элдик уюмдар биздин партияларды каржылап, шайлоого катышуу үчүн акча төлөшүнө каршы. Коопсуздук органдары дагы бул багытта иштеп, ар кандай эл аралык институттардын ички шайлоо процесстерине, экономикага жана мамлекеттик башкаруу системасына кийлигишүүсүнө жол бербеши керек. Ар бир мамлекет, ар бир эл өз бийлигин, өз тагдырын, тышкы күчтөрдүн жардамы жок эле өзү тандайт», - деп баса белгилейт Бакыт Бакетаев.

Көч бара - бара түзөлөт дегендей, Кыргызстан бүгүн мурункудай эмес. Шайлоодо акчасы бар утат деген түшүнүк артта калды. Бүгүн добуш сатып алуу – кылмыш иш. Эми оюндун эрежелери өзгөргөндө минтип догурунганы, аларга аброй алып келбейт. Эл дагы кимдин-ким экенин жакшы түшүнүп калды. Андыктан добуштарын таза инсандарга бергиси келет.

Бактыбек Мамбетов, Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги

Пикир

Оставить комментарий