• 87
  • 90.41
  • 0.84

Унаасынын дөңгөлөгүн кышкыга алмаштырбагандар Сосновка, Чычкан, Арал постторунан өткөрүлбөйт

Коом 0

Бишкек, 04.11.24. /Кабар/. Жайкы дөңгөлөктөр менен жүргөн айдоочулар Бишкек – Ош жолундагы посттордон өткөрүлбөйт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн улам ЖКККББ алыскы аймактарга каттаган жана жалпы айдоочуларды мындан ары кышкы дөңгөлөктөр менен гана жүрүүнү эскертет.

"Айрыкча алыскы аймактарга каттаган айдоочулар унааларынын дөңгөлөктөрүн кышкы дөңгөлөктөргө алмаштырбай жолго чыкса, “Сосновка”, “Чычкан”, “Арал” постторунан өткөрүлбөйт", - деп айтылат маалыматта.

Андыктан жолго чыгаарда жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөктөргө алмаштырып, унаанын техникалык абалына көңүл буруп, каршы тилкеге чыкпастан, алдыдагы унаа менен болгон аралыкты сактап, сөзсүз түрдө дөңгөлөкө оролуучу чынжырларды же кошумча дөңгөлөктөрдү алып алууну эскертебиз.

Пикир

Оставить комментарий