• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Жайыл районунда 77 трансформатор оңдолуп, 441 темир бетон мамы орнотулду

Аймак 0

Бишкек, 18.10.24. /Кабар/. Чүй электр тармактар ишканасынын Жайыл райондук электр тармагында келе жаткан күз-кыш мезгилине карата оңдоп-түзөө иштери 90 пайызга аяктады.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, Жайыл районунун энергетиктери 2024-жылга пландаштырылган иштердин алкагында 77 даана трансформатордук көмөк чордонду, 86 чакырым аба чубалгысын капиталдык оңдоодон өткөрүп, 449 даана трансформатордук көмөк чордонду, 382 чакырым аба чубалгысын техникалык тейлөөдөн өткөрүштү.

Реконструкция иштеринин алкагында райондо 1 даана трансформатордук көмөк чордон орнотулуп, 441 даана жыгач мамылары темир бетон мамыга алмаштырылды.

Райондо күз-кыш мезгилине карата оңдоо иштери ноябрь айында аяктайт.

Пикир

Оставить комментарий