• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Нарында “Тилектештик автобусунун” иш-чаралар планы боюнча облустук презентация өттү

Аймак 0

Бишкек, 18.06.21. /Кабар/. Кечээ, 17-июнда министрлер кабинетинин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүндө Нарын облусу боюнча 2021-жылга карата “Тилектештик автобусунун” иш-чаралар планы боюнча облустук презентациясы болуп өттү.

Иш-чарага министрлер кабинетинин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Юстиция министрлигинин, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, БУУϴПтүн, Ат-Башы жана Кочкор райондорунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жарандык коомдун уюмдарынын өкүлдөрү катышты.

Бул иш-чаранын максаты - “Тилектештик автобусу” аркылуу аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулукту жоюуда, алдыда милдеттүү боло турган натыйжалуу коомдук кампания жөнүндө толук маалыматты Нарын облусунун Ат-Башы жана Кочкор райондорунун тургундарына жеткирүү.

Презентациянын жүрүшүндө катышуучулар жер-жерлерде кампанияны практикалык жактан ишке ашырууну талкуулашты жана жергиликтүү калкты маалымдоого көмөк көрсөтүү үчүн социалдык кызматкерлердин ичинен жооптуу адамдарды бекитүү менен иш-аракеттердин кеңири планын түзүштү.

Иш-чара аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун жана басмырлоонун бардык формаларын жоюу багытында, БУУнун жана Европа Биримдигинин “Тендик Нуру” биргелешкен демилгесинин колдоосу менен өткөрүлдү.

_______________

Пикир

Оставить комментарий