• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Жайыл районунун Ийри-Суу айылына 1,5 га аянтка парк курулат – эскиздери

Коом 0

Бишкек, 15.08.24. /Кабар/. Жайыл районунун Ийри-Суу айылына 1,5 га аянтка парк курулат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Парктын эскиздик долбоору Жайыл районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын архитекторлору тарабынан иштелип чыкты. Анын жалпы аянты 1,53 гектарды түзөт.

Белгиленгендей, райондун аймагында дагы башка бир катар парктардын жана скверлердин эскиздик долбоору өз алдынча башкармалыктарга сунушталууда.

Пикир

Оставить комментарий