• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

COP-29 иш-чарасында Кыргызстандын тармактагы жетишкендиктери тууралуу маалымат берилди

Коом 0

Бишкек, 21.11.24. /Кабар/. Азербайжандын Баку шаарында өткөн БУУнун климаттын өзгөрүүсү боюнча 29-конференциясынын алкагын уюштурулган Кыргызстандын улуттук павильонунда ар кайсы өлкөлөрдүн жана уюмдардын өкүлдөрү үчүн тармактын жетишкендиктери жана пландары, ошондой эле көйгөйлөрү тууралуу маалымат берилди.

Аталган иш-чарада суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Мирбек Дүйшеев министрликтин төмөнкүдөй негизги үч багытын белгиледи:

Асылдуулугу төмөн жайыттарды өздөштүрүү жана жакшыртуу

Дүйшеевдин айтымында, Кыргызстанда акыркы 20 жылдын ичинде жайыттардын аянты 3,5 млн гектардан 2,7 млн гектарга чейин кыскарган, азыркы учурда 140 миң гектар жайыт деградацияга учурап, 615 миң гектар жайыттар аз өндүрүмдүү болуп эсептелет (бардык жайыттар 9 млн га, же айыл чарба жерлеринин жалпы аянтынын 80% түзөт).

Жайыттарды жакшыртуу үчүн 372 миң га жайыт убактылуу консервацияланды, анын ичинен 100 миң кг үрөн себилип, жайыттарды сугаруу үчүн 30дан ашык жасалма мөңгүлөр түзүлдү.

Сууну сарамжалдуу колдонуу, тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу системаларын киргизүү

"Тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу системалары 14,5 миң га аянтта 1810 субъектте ийгиликтүү ишке киргизилген. Жыл сайын мындай системалар 1000 гектардан 2500 гектарга чейинки аянтка орнотулат жана фермерлерди сугаруунун үнөмдүү ыкмаларына үйрөтүү боюнча тренингдер уюштурулат", - деди ал.

Органикалык айыл чарбасынын аянтын көбөйтүү

Дүйшеев белгилегендей, органикалык өндүрүштү өнүктүрүү жаңы рынокторду ачуу, керектөөчүгө табигый азык-түлүктү сунуштоо болуп саналат. Азыркы мезгилде органикалык өндүрүштүн жалпы айдоо аянты 67 миң га, же 5% ды түзөт.

"Быйыл Кыргызстанда биринчи жолу "Органик Экспо-2024" аймактык форуму өткөрүлдү. Бул жана башка чаралар жаратылыш ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга, айыл чарбасынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга жана эң негизгиси өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга жөндөмдүү туруктуу жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашкан агрардык системаны түзүүгө багытталган", - деп сөзүн жыйынтыктады министрдин орун басары.

Пикир

Оставить комментарий