Жакында 6 жаңы муниципалдык мал базар ишке берилет – Айыл чарба министрлиги

Коом 0

Бишкек, 25.06.24. /Кабар/. Жакында 6 жаңы муниципалдык мал базар ишке берилет. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен Кочкор районунда — 1, Лейлекте — 1, Ноокенде — 1, Сокулук — 1, Кадамжайда — 2 мал базар курулууда. Бул объектилердин курулуш иштери жакынкы күндөрү аяктап, ишке берилет.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө республика боюнча 44 мал базар ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Ветеринардык-санитардык талаптарга жооп берген мал базарлардын саны 15 болсо, ал эми 29 мал базарда райондук жана шаардык ветеринардык башкармалыктардын берген көрсөтмөлөрүнүн негизинде ветеринардык-санитардык талаптарга ылайык келтирүү боюнча оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий