• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Жакында Ак-Суу районунун Жергез айылында жаңы мектеп пайдаланууга берилет

Аймак 0

Бишкек, 20.06.24. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Жергез айылында О.Элебесов атындагы мектептин курулуш-монтаждоо иштери уланууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, мектептин курулушу 2021-жылы башталган. Имарат 2 кабаттан туруп, 150 окуучуга ылайыкталган. Анда китепкана, ашкана жана спорттук зал каралган. Жалпы аянты 1280 чарчы метрди түзөт.

"Бүгүнкү күндө курулуш иштеринин дээрлик 97%ы бүткөрүлдү, жакынкы күндөрү пайдаланууга берүү пландалууда", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий