• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Каракол шаарында өспүрүмдөр арасында футбол боюнча турнир өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 28.04.22. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында өспүрүмдөр арасында футбол боюнча турнир өтүүдө. Бул тууралуу Каракол шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 27-апрелде башталган спорттук иш-чара Каракол шаарынын мэри Эрмат Жураевдин демилгеси менен уюштурулган.

Иш-чаранын максаты - шаар ичиндеги балдарды рэкетчиликтен, ичимдиктерден алыстатуу, спортко кызыктыруу болуп саналат.

Турнирге жалпы 9 команда катышып, алдыңкы катышуучуларга, командаларга байгелүү орундар, медаль жана кубоктор даярдалган.

Шаар башчысы Эрмат Жураев иш-чараны ачып жатып жаштарды ынтымакта болууга, шаардын тазалыгын сактоого, ини-карындаштарынын өсүшүүнө кайдыгер мамиле кылбоого чакырды.

Пикир

Оставить комментарий