• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Баткен облусунун башчысы Кадамжай районун кыдырууда

Аймак 0

Бишкек, 11.06.21. /Кабар/. Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Кадамжай районун кыдырууда.

Облустук администрациянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, өкүл иш сапарынын жүрүшүндө Кайтпас айылында жайгашкан "Югпром" ЖЧКнын (шарап заводу) быйылкы жылы дыйкандар тарабынан өндүрүлүүчү жүзүмдү кабыл алууга болгон даярдыгынан кабар алды.

Андан соң облус башчысы Алимбаев Ак-Турпак айыл аймагындагы Бүргөндү соода борборунун базасында түзүлгөн фермердик чарбасынын ишмердүүлүгү жана пайдаланууга берилген "Биогаздын" иш принциби менен жеринде таанышты.

Пикир

Оставить комментарий