• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кыргыз-афган мамилелеринин актуалдуу маселелери талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 11.06.21. /Кабар/. Кечээ, 10-июнда КР тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Афганистан элчиси Бисмеллах Вазирини кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-афган мамилелеринин актуалдуу маселелерин талкуулашты. Алсак, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, анын ичинде инвестицияларды тартуу, туризм, билим берүү жана Афганстанда жакын арада тынчтык менен коопсуздукту орнотууга көмөктөшүү жаатындагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү зарылдыгы белгиленди.

Министрдин орун басары А.Артыкбаев афган тарабынын Улуу жана Кичи Памирдеги этникалык кыргыздардын абалын жакшыртуу багытында көрүп жаткан чаралары үчүн ыраазычылык билдирдип, Афганстандын өкмөтү мындан ары да Улуу жана Кичи Памирдеги инфратүзүмдүк жана социалдык долбоорлорду колдой тургандыгына ишеничин билдирди.

Өз кезегинде Афганистандын Кыргызстандагы элчиси Б.Вазири Бишкектеги Афганистан элчилиги кыргыз-афган мамилелеринин соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыгынын деңгээлин жогорулатуу үчүн аракет жумшай тургандыгын билдирди.

Жолугушуунун аягында, министрдин орун басары А.Артыкбаев афган элчиси Б.Вазириге кесиптик ийгиликтерди каалап, өз ара пайдалуу кызматташтыктын уланышына үмүт артты.

Афганистандын элчиси Б.Вазири тышкы иштер министринин орун басары А.Артыкбаевди кызматка дайындалышы менен куттуктап, дипломатиялык ишинде ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий