• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте таштанты иргөөчү завод курулабы? – мэрдин жообу

Коом 0

Бишкек, 28.04.22. /Кабар/. Маалымат жыйынынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров көптөн бери айтылып келе жаткан таштанты полигону тууралуу суроого жооп берди.

Анын айтымында, ал дагы шаар тургуну катары таштанды иргөөчү заводдун шаарда пайда болушун каалайт, ошондуктан бул маселе мэр катары анын артыкчылыктуу маселеси.

"2017-жылы 50%ы кайтарымсыз жардам катары келген жана 50%ы насыяга берилген 22 млн евро бөлүнгөн. Азыркы учурда бул акчанын ичинен 11 млн евро калган. Социалдык тармактарда бөлүнгөн каражаттын жарымы натыйжасыз колдонулганын айтып талкуулар болуп жатат. Азыр аудиттин корутундусу бар, ооба, бул долбоорду координациялоо болгон эмес. Бирок ошентсе да, биз көбүрөөк каржылоону күтпөйбүз, калган акча менен таштанды ташуучу унааларды инфекцияны жайылтпаш үчүн дезинфекциялоо жагынан тартипке келтирүүнү каалайбыз.

Ошондой эле таштандыларды иргөөчү линияны түзүүнү пландап жатабыз, андыктан полигон маселеси 30%га чечилет", - деди ал.

Ал ошондой эле ушул жумада мэрия немец компаниясы менен таштандыларды өрттөө же кайра иштетүүчү завод куруу боюнча меморандум түзөрүн билдирди. Азыр заводдун иши Аламүдүн жана Сокулук райондорун камтышы үчүн Чүй облусунун өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий