• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандагы доллардын курсунун секиригинин себеби эмнеде? Улуттук банктын жообу

Экономика 0

Бишкек, 28.04.22. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук банкы өлкөдөгү акыркы мезгилдеги доллардын курсунун секиригинин себебин түшүндүрдү.

Улуттук банктын маалыматына караганда, азыркы учурда өлкөдө өзгөрүлмө алмашуу курс режими иштейт, башкача айтканда, валюта курсу чет элдик валютага болгон суроо-талап жана сунуш менен аныкталат. Бул жагынан алганда, белгилүү бир убакыттын ичинде курсу өсүшү да, төмөндөшү да мүмкүн. Бул режим үчүн курстун күнүмдүк өзгөрүшү нормалдуу деп эсептелет.

Акыркы убакта ички валюта рыногунда АКШ долларынын курсунун өзгөрүшү дүйнөдөгү геосаясий кырдаалды эске алуу менен тышкы финансы рынокторундагы белгисиздикке, ошондой эле ички валюта рыногунда чет элдик валютага суроо-талаптын жана сунуштун пайда болушуна көбүрөөк байланыштуу.

Улуттук банк ички валюта рыногундагы жана тышкы финансы рынокторундагы кырдаалга күн сайын мониторинг жүргүзүп, зарыл болгон учурда тиешелүү операцияларды жүргүзөт.

Пикир

Оставить комментарий