• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Жакында бардык дүкөндөрдө “Kyrgyzstan” шоколады сатыла баштайт

Коом 0

Бишкек, 13.12.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Жакында өлкөнүн бардык соода түйүндөрүндө КРде өндүрүлгөн, жаңы “Кыргызстан” (Kyrgyzstan) аталыштагы улуттук шоколад сатыла баштайт. Бул тууралуу “Кыргыз Шоколадынын” Фейсбуктагы расмий баракчасында маалымдалат.

Маалыматка ылайык, таттуу бельгиялык ингредиенттерден жасалат. Себеби дегенде Бельгия шоколады дүйнөдөгү эң таттуу болуп саналып, эч кандай кошумчасы жок, жогорку сапаттагы табигый азыктардын жардамы менен өндүрүлөт.

“Кыргыз эли өзүнүн меймандостугу жана пейили кенендиги менен белгилүү. Жакында конокторду биздин улуттук “Кыргызстан” деп аталган шоколад менен таң калтыра аласыздар”,-деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, маалыматта айтылгандай куруттун даамы менен шоколад өндүрүлүп чыгат.

Пикир

Оставить комментарий