Бишкек, 12.12.24. /Кабар/. Жакында эки мал базардын курулушу аяктап, пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жыл башынан бери Айыл чарба министрлиги жергиликтүү бийлик менен биргеликте жүргүзүлгөн иштердин негизинде Баткен, Ноокат, Токтогул, Тоң, Лейлек, Айтматов, Сокулук райондорунда 7 жаңы муниципалдык мал базар курулуп, ишке берилди.
Ал эми, азыркы учурда дагы 5 муниципалдык мал базар курулууда, Ноокен, Кочкор, Ак-Талаа, райондорунда жана Кадамжай районунда 2 мал базар жакынкы күндө бүткөрүлүп ишке берилет.
Республика боюнча бүгүнкү күндө 43 мал базар ѳз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет, анын ичинен 18 мал базар ветеринардык-санитардык талаптарга жооп берет. Ал эми 25 мал базарга райондук жана шаардык ветеринардык башкармалыктар тарабынан көрсөтмөлөр берилип, талаптарга ылайык келтирүү боюнча оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп жатат. Көрсөтмөлөрдү аткарбагандыктан Ноокат жана Москва районундагы 2 мал базардын ишмердүлүгү токтотулду.
Пикир
Оставить комментарий