• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

Жакында Кыргызстанда Россиянын колдоосу менен 3 мектептин курулушу башталат

Билим 0

Бишкек, 19.08.24. /Кабар/. Жакында Россия тараптын колдоосу менен Бишкек, Баткен жана Ысык-Көлдө үч мектептин курулушу башталат. Бул тууралуу Россиянын президентинин иш башкармалыгынын чет өлкөлөр менен аймактар аралык жана маданий байланыштар боюнча башчысынын орун басары Антон Рыбаков Ысык-Көлдө өтүп жаткан кыргыз-орус жарманкесинде билдирди.

Анын айтымында, мектептер Россия менен Кыргызстандын ортосунда түзүлгөн 9 инновациялык мектепти куруу келишиминин алкагында курулат.

"Кыргызстан менен Россиянын билим берүү жаатындагы кызматташтыгы абдан көлөмдүү жана терең. Алардын бири катары - Россия менен Кыргызстандын ортосунда түзүлгөн 9 мектепти куруу келишими. Былтыр Кыргызстан менен Россиянын президенттери Садыр Жапаров менен Владимир Путин Кыргызстанда алгачкы 3 орус-кыргыз мектебинин курулушу үчүн мезгил кутусун салган. Эми жакынкы күндөрү Бишкекте, Баткенде жана Ысык-Көлдө 3 мектепти курууга старт берилет. Эң кыска убакытта кыргызстандыктар бул долбоордун үзүрүн көрүп, пайдалана башташат деп үмүттөнөм”,- деди Антон Рыбаков.

Ошондой эле ал жакында эле РФ президенти тарабынан Кыргыз-Россия-Славян университетинин жаңы кампусун салуу сунушу жактырылганын жана 2030-жылы колдонууга берилерин кошумчалады.

Белгилей кетсек, жарманкеде эки өлкөнүн билим берүү уюмдарынын инновациялык жетишкендиктери тууралуу көргөзмө көрсөтүлүп, педагогикалык иштин жаңы ыкмалары, усулдары тууралуу мастер-класстар өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий