• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Республикалык олимпиаданын жыйынтыктоочу туру абал турукташып калганда өткөрүлөт

Билим 0

Бишкек, 30.04.20. /Кабар/. Республикалык олимпиаданын жыйынтыктоочу туру абал турукташып калганда өткөрүлөт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков билдирди.

Анын айтымында, быйылкы олимпиаданын жеңүүчүсү аныкталат.

"Бизде республикалык эки чоң олимпиадабыз бар эле. Биринчиси онлайн олимпиада, ал төртүнчү турга келип токтоп турат. Ал эми жыл сайын өткөрүлгөн салттуу предметтик олимпиадабыз да төртүнчү турга келген. Окуу процесси бүткөндөн кийин, абал турукташып калганда олимпиаданы өткөрүп, сөзсүз түрдө быйылкы жеңүүчүнү аныктайбыз", - дейт министр.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 746га жетти. Алардын ичинен 195и медицина кызматкери. Илдеттен 462 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий