Жакында Ташкент — Ысык-Көл багыты боюнча учак каттай баштайт

Коом 0

Бишкек, 29.05.24. /Кабар/. 16-июндан тарта Ташкент — Ысык-Көл багыты боюнча каттамдар аткарыла баштайт. Бул тууралуу "Манас" аэропортунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, каттамдар Өзбекстандын Silk Avia авиакомпаниясы тарабынан ATR 72-600 учагы менен аткарылат.

Ташкенттен Ысык-Көлгө учуу эки саатка созулат. Учуулар жумасына 3 жолу – дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү аткарылмакчы. Келечекте каттамдардын санын көбөйтүү пландалууда.

"Манас" аэропорту аталган багытка байланыштуу бардык суроолор боюнча авиакомпанияга түз кайрылууну сунуштайт.

Эскерте кетсек, 2023-жылдын 5-августунда Silk Avia авиакомпаниясы биринчи жолу 56 жүргүнчү менен техникалык каттам аткарып, учак салтанаттуу түрдө суу аркасы менен тосуп алынган.

Пикир

Оставить комментарий