• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Жакында "Ынтымак-Ордонун" жанында административдик шаарчанын курулушу башталат – президент

Президент 0

Бишкек, 30.08.24. /Кабар - Мээрим Дүйшөналиева/. Жакында "Ынтымак-Ордонун" жанына административдик шаарчанын курулушу башталат. Бул тууралуу мамлекет башчысы Садыр Жапаров бүгүн президенттин администрациясынын жаңы имаратынын ачылыш аземинде билдирди.

Анын айтымында, бардык министрликтер жана ведомстволор бир жерге жайгашат. Шаарча эң соңку заманбап талаптарды жана стандарттарды эске алып, мамлекеттик органдардын натыйжалуу иштеши үчүн бардык шарттарды камтыйт.

"Натыйжалуу башкаруу бардык мамлекеттик органдардын иши үчүн заманбап шарттарды талап кылат. Ошондуктан бул долбоор өлкөбүздүн административдик инфраструктурасын жакшыртуу боюнча масштабдуу пландын башталышы гана экенин сыймыктануу менен билдиргим келет. Жакында жаңы административдик шаарчанын курулушу башталат, башкача айтканда бардык министрликтер жана ведомстволор бир жерге курулат. Мындай долбоорлор Кыргызстандын келечегине салынган инвестиция экенине бекем ишенебиз.

Алдыда жасалчу иштер арбын, бирок биз да кыйынчылыктардан апкаарып калбайбыз. Биз өлкө кызыкчылыгын жетекчиликке алып, алдыга умтулууга дайым даярбыз", - деди президент.

Пикир

Оставить комментарий