• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Президент Жапаров Кувейттин Эмири менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент 0

Бишкек, 23.02.21. /Кабар/. Бүгүн, 23-февралда, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Кувейт мамлекетинин Эмири шейх Наваф Аль-Ахмад Аль-Жабер Аль Сабах менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Баарлашуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды.

Атап айтканда, мамлекет башчылары жогорку деңгээдеги иш сапарларды уюштуруу, товар жүгүртүүнү көбөйтүү, эки өлкө ортосундагы ырааттуу авиакаттамдарды жандандыруу, ошондой эле эки тарап тең кызыкдар болгон долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу боюнча пикир алмашты.

Президент Садыр Жапаров Кувейт мамлекетинин Эмири шейх Наваф Аль-Ахмад Аль-Жабер Аль Сабахты Кувейттин алдыдагы Улуттук майрамдары менен куттуктады.

Ал кувейт тарапка 2020-жылдагы пандемия учурунда Кыргызстан элине Кувейттин кайрымдуулук уюмдарынын көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Өз кезегинде шейх Наваф Аль-Ахмад Аль-Жабер Аль Сабах Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын президенти кызматына расмий киришкендиги менен дагы бир жолу куттуктап, Кувейтке иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий