• 87
  • 90.59
  • 0.86

Жалал-Абад облусунун аймагында жолдорду оңдоо жана кеңейтүү иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 27.11.24. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Жалал-Абад облусунун аймагында аткарылып жаткан жол иштери тууралуу маалымат берди.

Агы ылайык, учурда Жол тейлөө ишканалары тарабынан жолдорду оңдоо, кеңейтүү, жол боюндагы мыйзамсыз курулуштарды алуу жана ирригация тутумун жакшыртуу иштери аткарылууда. Алсак:

№ 12 Жол тейлөө ишканасы тарабынан:

Кербен шаарынын Баетов көчөсүнө асфальт төшөө иштери жүрүүдө.

Жергиликтүү маанидеги Мукур – Итагар унаа жолунун 0-6-чакырымдар аралыгы оңдолууда.

№ 22 Жол тейлөө ишканасы тарабынан:

Сузак – Арал – Жийде унаа жолунда асфальт төшөө менен катар атайын техниканын жардамы менен мыйзамсыз курулуштарды бузуу жумуштары аткарылып жатат.

№ 30 Жол тейлөө ишканасы тарабынан:

Бишкек – Ош жолунда тоо боорунан түшкөн таштарды тазалоо иштери жүрүүдө.

№ 31 Жол тейлөө ишканасы тарабынан:

Калмак – Кырчын – Канжыга унаа жолу кеңейтилип жатат.

№ 38 Жол тейлөө ишканасы тарабынан:

Таш-Көмүр – Кербен – Ала-Бука жолунун 45-чакырымында арык (траншея) казуу иштери жүрүүдө.

№ 50 Жол тейлөө ишканасы тарабынан:

Базар-Коргон районунун Чкалов айылындагы 3 чакырым жолго асфальт төшөлдү.

№ 51 Жол тейлөө ишканасы тарабынан:

Ленин – Жол – Шайдан, Ленин-Жол – Казар-Мазар-Сере жолунда аң-чөнөктөрдү жамоо иштери аткарылды.

Пикир

Оставить комментарий