• 88.68
  • 95
  • 0.95

ИИМ башчысы Жунушалиев Алайдагы Арпа-Тектир айылынын жашоочулары менен жолукту

Аймак 0

Бишкек, 19.02.20. /Кабар/. Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Алай районуна караштуу Арпа-Тектир айылынын жашоочулар менен жолукту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, министр жергиликтүүлөр менен жолугушуу маалында өлкөдөгү коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, жарандардын укуктары менен коопсуздугун камсыз кылуу - бул ИИМдин түздөн-түз милдети экендигин билдирген.

"Арпа –Тектир айылынын тургуну Рахманберди уулу Төлөгөн боюнча, ошондой эле Ош облусунда жана Ош шаарында болуп жаткан кылмыштуу окуяларга катыштыгы бар адамдардын жоопкерчилиги мыйзам чегинде каралат", - деп баса белгилеген Жунушалиев.

Ошондой эле министр Жунушалиев Рахманберди уулу Төлөгөндүн айланасындагы окуяларга токтолуп, ал жана анын шериги Эмилбек Киманов кылмышка шектүү экендигин айткан.

"Бул боюнча маалыматтар жалпыга маалымдоо каражаттарында да жарыяланып жатат. Качып жүрүшөт, экөөнө тең издөө жарыяланды. Таза болуп, күнөөлөрү жок болсо, анда укук коргоо органдарына кайрылышсын. Акыйкат тергейбиз жана күнөөсү далилденгендер жазага тартылат. Эч кимдин, эч кандай статусуна, байланыштарына, туугандык мамилелерине карабайбыз", - деп кошумчалаган ИИМ башчысы.

Жолугушуунун соңунда өз ара пикир алмашуу болгон.

Пикир

Оставить комментарий