• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Сузакта жыл аягына чейин бензин жана битум чыгарган ишкана ишке киргизилет

Аймак 0


Бишкек, 12.12.23. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жыл аягына чейин бензин жана битум өндүрүү боюнча ишкана курулуп бүтөт. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев билдирди.

Анын маалыматына ылайык, ишкана чет элдик инвесторлор тарабынан курулууда, долбоор үчүн Барпы айыл аймагынан 2 гектар жер бөлүнүп берилген. Ишкана АИ-92, АИ-95 үлгүсүндөгү бензин жана битум өндүрүп чыгарат.

Белгиленгендей, ишкананын 2023-жылдын аягында пайдаланууга берилүүсү күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий