• 87.45
  • 90.89
  • 0.89

Жалал-Абад: Базарларда санитардык талаптарды сактабаган соодагерлердин иши токтотулат

Аймак 0

Бишкек, 13.05.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында эреже сактабаган соода жайлары кайрадан жабылууда. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн бул багытта аталган жайларда санитардык талаптардын сакталышын көзөмөлдөө аракеттери улантылды. Калаанын борбордук жана Адилет базарларында орун алган рейдге шаардын вице-мэри Болот Узакбаев жана тийиштүү мекеме кызматкерлери катышты.

Мында басымдуу азык-түлүк саткан соода орундарындагы сатуучулар тарабынан белгиленген санитардык эрежелер толук кандуу сактабай жаткандыгы белгилүү болду. Айрым дүкөндөрдөн кире беришине илинүүчү эскертме барактары жок абалда, кардарларга соода кылып жаткан учурлар кезикти.

Рейдде илдетке байланыштуу түзүлгөн кырдаалга карабай, жергиликтүү бийлик тарабынан сатуучулардын социалдык-экономикалык абалын эске алуу менен берилген мүмкүнчүлүктөрдү туура жана так пайдаланууга чакырылды. Эгер эскертүүлөр берилгенине карабай санитардык талаптар аткарылбаса соодагерлерге административдик айып пулдар салынаары кошумчаланды.

Белгилей кетсек, бул багыттагы көзөмөлдөө чаралары алдыдагы күндөрү да күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлмөкчү. Рейд Жалал-Абад шаарындагы буга чейин уруксат берилген соода жайларынын, өндүрүштүк жана айрым кызмат көрсөтүүчү жайларда орун алат.

Пикир

Оставить комментарий