• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Премьер-министр: Өткөн жылы 14 миңден ашуун ири ишкана ачылган

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 13.05.20. /Кабар/. Өткөн жылы 77 миң ишкана ачылган, анын 14 миң 700ү ири ишкана. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте эл өкүлүнүн суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Эске сала кетсек, учурда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдагы иши жөнүндө премьер-министрдин отчетун угууда.

Талкуу маалында депутат Төрөбай Зулпукаров Өкмөттүн отчетуна жогору баа берүү менен социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр 1991-жылдан берки башка жылдарга салыштырмалуу 2019-жылы ийгиликтүү болгонун белгиледи.

Андан тышкары, депутат Ош облусунун Ноокат районундагы логистикалык борбордун курулушу боюнча долбоор тууралуу кеп кылып жатып, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк негизинде мындай курулуштарды курууга мүмкүнчүлүк түзүү багытында Өкмөттүн тиешелүү токтомуна өзгөртүү киргизүү зарылчылыгын кошумчалады.

Депутаттын айтымында, 2016-жылы аталган объект 10 гектар жерге курулуп башталып, бирок Өкмөттүн абалына ылайык долбоор ишке берилбей келет. “Мындай учурда мамлекет республикалык бюджеттен каражат бөлүшү керек. Анткени менен азыркы тапта акча табуу оор. Буга байланыштуу тиешелүү токтомго өзгөртүү киргизүү керек”, – деди Төрөбай Зулпукаров.

Сөзүнүн соңунда калкты жумуш менен камсыздоо саясатына токтолуп, жыл сайын жумушка жарамдуу жарандардын ишсиздигинен миграциялык агым арбып бара жатканын белгиледи.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев суроого жооп берип жатып, өткөн жылы 77 миң ишкана ачылганын, анын 14 700ү ири ишкана экенин маалымдады. Ал эми экономика министри Санжар Муканбетов 2019-жылы 93 миң жаңы жумушчу оруну түзүлгөнүн кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий