• 84.46
  • 93.22
  • 0.88

Өзбекстан сырттагы жарандарын алып келүү үчүн дагы 12 чартердик каттам уюштурат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 13.05.20. /Кабар/. Өзбекстан 13-майдан 24-майга чейин чет өлкөлөрдөгү жарандарын алып келүү үчүн 12 чартердик каттам уюштурат. Бул тууралуу өлкөнүн Транспорт министрлигинин басма сөз катчысы Навруз Ашурматов билдирди.

Анын айтымында, каттамдар биринчи кезекте оорулуулар, кош бойлуу келиндер, улгайган адамдар, кичинекей балдар жана буга чейин учпай калган учактарга билет сатып алгандар үчүн уюштурулууда:

  • 13-май Ташкент - Стамбул - Ташкент
  • 14-май Ташкент - Санкт-Петербург - Ташкент
  • 15-май Ташкент - Дели - Ташкент
  • 16-май Ташкент - Ростов-на-Дону - Ташкент
  • 17-май Ташкент - Казан - Ташкент
  • 18-май Ташкент - Москва - Ташкент
  • 19-май Ташкент - Санкт-Петербург - Ташкент
  • 20-май Ташкент - Москва - Ташкент
  • 21-май Ташкент - Стамбул - Ташкент
  • 22-май Ташкент - Лондон - Ташкент
  • 23-май Ташкент - Новосибирск - Ташкент
  • 24-май Ташкент - Шаржа - Ташкент

«Бул каттамдар менен учуп келүүнү каалаган жарандар өлкөнүн элчиликтерине же консулдук бөлүмдөрүнө кайрылып, тизмеге жазылышы керек. Билетти эл аралык аэропорттордогу Uzbekistan Airways авиакомпаниясындагы кассалардан сатып алса болот», — деди Ашурматов.

Өзбекстанга алып келинген бардык жарандар 14 күндүк карантинге алынат.

Буга чейин 8-майдан 11-майга чейин 1000ге жакын өзбекстандык чартердик каттамдар менен мекенине алып келингени кабарланган.

Пикир

Оставить комментарий