Жалал-Абад - Бишкек багыты боюнча таксилер эми автобекеттен каттайт

Аймак 0

Бишкек, 25.09.23./Кабар/. 23-сентябрдан тартып Жалал-Абад шаарынын Түмөнбай Байзаков проспектиси менен Чехов көчөлөрүнүн кесилишиндеги Жалал-Абад - Бишкек багыты боюнча каттам жүргүзгөн таксилер автобекетке көчүрүлдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, эми таксилер автобекеттен каттай баштады.

Учурда унаа тыгындарынын алдын алуу максатында жеринде жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери түшүндүрүү иштерин алып баруу менен бирге эскертүүгө баш ийбеген айдоочуларга мыйзам чегинде чараларды көрүүдө.

Эскерте кетсек, мындан ары Бишкек шаарына каттаган айдоочулар жана жүргүнчүлөр сапарга чыгуу үчүн автобекетке барышы керек. Ага баш ийбеген айдоочуларга жол инспекторлору тарабынан чара көрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий