• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

"Жалал-Абад электр тармактары" ишканасынын авто паркы жаңыланат

Аймак 0

Бишкек, 10.01.23. /Кабар/. "Жалал-Абад электр тармактары" ишканасынын авто паркы быйыл жаңыланат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, энергетика министри Таалайбек Ибраев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында аталган ишкананын жамааты менен жолуккан.

Жыйында аталган компаниянын 2022-жылдагы жасаган жумуштарынын отчету берилип, 2023-жылга коюлган пландары тууралуу маалымат жасалды.

"Министр Таалайбек Ибраев алдыдагы боло турган катуу суукту эске алып, адистерге элди үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн бир катар тапшырмаларды коюп, өзгөчө техникалык чараларга көнүл бөлүүнү, бардык оңдоп-түзөө бригадалары зарыл болгон запастык тетиктер менен камсыз болушу керек экенин баса белгиледи", - деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, министр Таалайбек Ибраев энергетиктер менен болгон суроо-жооптон соң, калкты өзгөчө суук мезгилде, үзгүлтүксүз сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуунун зарылдыгын айтты. Кызматкерлерди штаттан тышкаркы абал жаралган учурда, ыкчам аракеттерди көрүүгө чакырды.

"Алдыдагы боло турган суук күндөрү калкты жылуулук жана жарык менен камсыз кылуу энергетиктердин милдети. Бул күндөрү баарыбыз биргеликте жоопкерчилик менен мамиле кылып, кыштан чыгаруубуз шарт. Электр энергиясы үзгүлтүккө учурабашы үчүн күчөтүлгөн тартипте иш алып баргыла жана Жалал-Абад электр тармактары ишканасынын авто паркына өзгөчө көңүл бурабыз", - деди министр.

Жыйындан соң министр Жалал-Абад облусундагы көмөк чордондордун иштөө абалы менен таанышты.

Пикир

Оставить комментарий