• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Баткен облусунун башчысы кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады

Аймак 0

Бишкек, 31.07.20. /Кабар/. КР өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады.

“Урматтуу мекендештер, урматтуу Баткен облусунун тургундары!

Кадырлуу момун мусулмандар!

Баарыңыздарды – Ыйык Курман айт майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Курман айт майрамы - адам баласын сабырдуулукка, ыймандуулукка чакырган, мусулман элинин эң ыйык майрамы болуп эсептелет.

Ошондой эле адам баласын жакшылык кылууга үндөгөн улуу касиетке ээ. Учурда жер-жерлерде курмандык чалынып, кайрымдуулук, соопчулук иштери жасалып жатат.

Ылайым Алла Таала баарыңыздардын кайрымдуулук иштериңиздерди кабыл кылсын!

Бул күнү, өткөндү эстеп, келечекке жакшы ниет кылынат.

Учурда дүйнөдө орун алган кырдаал, баарыбызга ынтымактын, биримдиктин мааниси баа жеткис экенин айгинеледи. Демек, ар бир жаран, жашоодо ак ниеттүүлүк, сабырдуулук, кайрымдуулук аркылуу, адамгерчиликтин үлгүсүн көрсөтө алат.

Учурда кооптуу илдет менен күрөшүү шартында, биз баарыбыз бир муштумдай бириктик. Дүйнөнүн кайсы бурчунда болсо да, ар бир кыргыз жаранынын жүрөгү, мекенинде экени дагы бир ирет айкын болду.

Элибиздин башына оор күн түшкөндө, дүйнөнүн төрт бурчунан жардамдар келип жатат. Бул күнү, ылайым алыста жүргөн ар бир мекендешибиз жергебизге аман-эсен кайтып келсин деп бата кылабыз.

Кыргыздар пейилибиз таза, ыйманыбыз бекем элбиз. Алакандай өлкөдө жашаган алты миллион элибиз, максатыбыз,тилегибиз, тагдырыбыз бир. Мындан ары да өлкөбүзгө күйүмдүү бололу. Бириксек баардык кыйынчылыктарды жеңебиз.

Жараткан жергебизге тынчтык, элибизге ынтымак берген болсун. Айт майрамы жергебизге жакшылыгын ала келген болсун. Ооругандар сакайып, элибиз кооптуу илдеттен арылсын.

Айтыңыздар маарек болсун!».

Пикир

Оставить комментарий