Жалал-Абад мэри ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин башчысы менен жолукту

Аймак 0

Бишкек, 16.06.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин башчысы Алексей Рогов менен жолугушту. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө коррупцияга каршы күрөшүү, жашыл жана санарип экономика, экология жаатында кызматташтык тууралуу маалыматтар айтылды.

Калаа башчысы Эрнисбек Ормоков Жалал-Абад шаарда жүрүп жаткан ири долбоорлор жөнүндө маалыматтар менен бөлүштү.

Алексей Рогов ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси Жалал-Абад шаарында жарандардын коопсуздугу үчүн сейил бактарында видеокамераларды орнотууда, ишкерликти жаңыдан баштап жаткан ишкерлерге укутук жактан акысыз консультация жана колдоо көрсөтүүдө, муниципалдык кызматкерлерге ар тараптуу окутууларды өткөрүүдө ар дайым колдоолор болорун баса белгиледи.

Жолугушуунун аягында тараптар маектин жүрүшүндө көтөрүлгөн маселелер боюнча мындан ары өз ара аракеттенүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий