• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Бүгүн Ошто №2 троллейбус линиясы убактылуу иштебейт

Аймак 0

Бишкек, 13.10.22. /Кабар/. Бүгүн, 13-октябрда Ош шаарындагы №2 троллейбус линиясы убактылуу иштебейт.

Ош мэриясынан кабарлашкандай, бул Курманжан-Датка көчөсүн электр энергиясы менен камсыз кылган №2 көмөк чордондо оңдоо иштерине байланыштуу.

Мэрия шаар тургундарын маршруттарын алдын ала пландап алууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий