Жалал-Абад мэри менталдык арифметика боюнча ийгилик жараткан окуучуларды кабыл алды

Аймак 0

Бишкек, 03.06.24. /Кабар/. Бүгүн Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков шаардагы “Старт Ум” билим берүү борборунун окуучуларын, мугалимдерин жана ата-энелерди кабыл алды.

Анда калаа башчысы 2023-2024 окуу жылында менталдык арифметика боюнча дүйнөлүк жана эл аралык сынактарда алдыңкы орундарды ээлеген окуучуларга, алардын ата-энелерине жана мугалимдерине ыраазычылык билдирип, ийгиликтери менен куттуктады.

Шаар мэри менталдык арифметика балдардын ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө эң мыкты методикалардын бири экенин белгилеп, окуучуларга жана мугалимдерге мэриянын Ардак Грамотасын жана Ыраазычылык баракчаларын тапшырды.

Белгилей кетсек, ийгилик жараткан окуучулар шаардагы №1, №13, №14 мектептин жана жеке менчик мектептердин 2-класстан 8-класска чейинки окуучулары.

Эске салсак, жеке менчик "Старт Ум" окуу борбору 2021-жылы негизделген. Аталган борбордо англис тили жана менталдык арифметика боюнча окуучулар сабактан сырткары кошумча билим алышат.

Пикир

Оставить комментарий