• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Жалал-Абад мэри Миссури университетинин мугалимдерин жана студенттерин кабыл алды

Коом 0

Бишкек, 31.05.22 /Кабар/. Бүгүн, 31-майда Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков Колумбия шаарындагы Миссури университетинин аңглис тилин үйрөнүү боюнча директору Лили Соренсон, проректордун орун басары жана доцент Мэри Стегмайер баштаган мугалимдерди жана студенттерди кабыл алды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Шаар мэри конокторго шаар тууралуу кенен маалыматтарды жеткирип, аларды кызыктырган сүроолорго да жооп берди.

Маектешүү соңунда Миссури окуу жайынан келген мугалимдер жана студенттер Эрнисбек Ормоковдун ишине ийгиликтерди каалап, шаардын өсүп-өнүгүшүнө тилектештигин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий