• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

Жалал-Абад мэриясы Назаров көчөсүн оңдоого жарыяланган тендер боюнча маалымат берди

Аймак 0

Бишкек, 29.05.23. /Кабар/. Жалал-Абад мэриясы Назаров көчөсүн оңдоого жарыяланган тендер боюнча маалымат берди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Назаров көчөсүнүн кеңдиги учурда 8 метрди түзөт. Ал эми кеңейтүү иши жүргүзүлгөндөн кийин жолдун кеңдиги 19 метр болот. Тактап айтканда, 6 катар унаа жүргөнгө шарт түзүлөт.

Мындан сырткары, жолдун бир тарабына тротуар, экинчи тарабына веложолу менен тротуар курулат. Ошондой эле жарыктандыруу, темир-бетон арыктары, коммуникацияларды өткөрүүчү куурлар жаткырылат.

Белгилей кетүүчү жагдай, жогорудагы курулуштардын бардыгын ишке ашыруу үчүн керектелүүчү 31 млн 28 миң 900 сом Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Баа түзүү жана сметалык ченемдөө республикалык борборунун буйругунун негизинде эсептик жана ченемдик базасына ылайык смета иштелип чыккан.

“Ал эми тендерге катышкандардын арасынан талапка жооп берген жана эң төмөнкү бааны сунуштаган тарапка жолду реконструкциялоо жумушу берилет. Андыктан, аталган жолдун реконструкциясына жарыяланган тендерде "коррупция бар" дегенге эч кандай негиз жок”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Мамлекеттик сатып алуулар порталында Жалал-Абад шаарындагы Назаров көчөсүнүн 500 метр аралыгын оңдоо иштерине тендер жарыялангандыгы тууралуу маалымат чыккан. Анда жол оңдоо иштерине 31 млн 28 миң 900 сом сарпталары пландалганы айтылат.

Пикир

Оставить комментарий